Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Данияр Нарымбаев кызматынын бошотулду


Президент Алмазбек Атамбаев Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевди кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

16-июлда Нарымбаев парламент депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши териштирилип бүткүчө өзүн кызматтан алууну өтүнүп, президент Атамбаевге арыз жазган. Анын негизинде ал убактылуу кызматтан алынган болчу.

16-июлда парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалганын УКМК маалымдаган. Айрым маалымат каражаттары бул ишке Нарымбаевдин дагы тиешеси бар экенин жазып чыгышкан. Нарымбаев Коркмазов кармалган ишке тиешеси жоктугун айткан. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG