Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) аткаруу комитети бүгүн кийинки жылдын 26-февралында президент шайланчу конгресс өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун Твиттердеги расмий барагында жазылды.
Майдын аягында ФИФАда коррупциялык чатак чыгып, бир канча чиновниги иштен айдалган. 27-майда Цюрихте уюмдун коррупцияга шектелген 7 үлкөн төбөлү камакка алынып, эл аралык кеңири иликтөөлөр башталган. Аны АКШнын федералдык иликтөө бюросу - ФБР жүргүзүүдө. Камалгандарга негизинен дүйнө чемпионаттары өтүүчү өлкөлөрдү тандоодо ири өлчөмдө пара алган деген айып тагылган.
Ушундай чыр-чатактардын фонунда бешинчи мөөнөткө ФИФА башчылыгына кайра шайланган Йозеф Блаттер июндун башында кызматтан кеткенин жарыялаган.