Куба желеги бүгүн Вашингтондо кайра ачылган өлкө элчилигинин имаратында көтөрүлдү. Муну менен АКШ жана Кубанын ортосунда жарым кылым ашык убакыт токтоп калган дипломатиялык алака расмий түрдө кайра жанданганы белгиленди. Кубанын туусу АКШ Мамлекеттик департаментинин имаратындагы Вашингтон менен дипломатиялык мамиледеги башка өлкө желектеринин катарына да кошулду.
Мамлекеттик катчы Жон Керри бүгүн Мамдепартаментте Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес менен жолугушат. Мамдепартамент ошондой эле Керри 14-августта Кубага барып, Гаванадагы АКШ элчилигинде туу көтөрүүгө катышарын билдирди.
АКШ Куба менен дипломатиялык алакасын 1961-жылы токтотуп, көп өтпөй бул өлкөгө каршы экономикалык санкцияларды киргизген. Ал санкциялар азырга дейре сакталууда.