Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Согушкер деп айыпталып жаткандардын аты-жөнү ачыкталууда


«24.kg» маалымат агенттиги коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазып чыкканы боюнча, атайын операция учурунда өлтүрүлгөн төрт кишинин экөө Казакстандын жараны, экөө кыргызстандык. Алардын ичинен Тариэл Жумагулов кылмыш дүйнөсүндө “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү болчу.

Ошондой эле терроризмге шектелип кармалгандардын да аты-жөнү жарыяланды. Алардын баары Кыргызстандын жарандары, ичинде мурда Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деген айып менен камалып, соттолгон Алтынбек Итибаевдин да ысымы аталууда.

16-июлда Бишкектеги Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, дагы жетөө колго түшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет булар “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү болгон деп билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG