Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлө баштады


Өткөн аптанын аягынан тарта өлкөнүн бардык аймактарында күйүүчү май 50 тыйындан 1 сомго чейин кымбаттады. “Нефтетрейдерлер” ассоциациясы муну мунай рыногундагы ички жана тышкы факторлор менен байланыштырууда.

Тышкы фактор катары Орусиядагы мунай заводдору койгон баанын өсүп жатканы айтылууда. Ассоциация тараткан маалыматка караганда, Орусияда күйүүчү майдын баасы кымбаттап, июль айында мурдагы айга караганда 6-14% өстү. Мындан тышкары айрым бир мунай заводдору жайкысын оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу ишин токтоткону да баалардын убактылуу өсүүсүнө алып келет деп айтылат маалыматта.

Ал эми ички фактор – жайдан тартып акциздик салыктын кымбатташына байланыштуу. 1-июндан тарта бензиндин акциздик салыгы 1 тоннасына 3 миң сомдон 5 миң сомго көтөрүлгөн. "Мындан тышкары доллардын кайрадан кымбаттап жатканы да күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизүүдө" деп маалымдайт "Нефтетрейдерлер" ассоциациясы.

Бүгүнкү күнү Бишкекте А-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин орточо баасы 34,5 сом, Аи-92 41 сом, АИ-95 43,5 сом, дизелдик күйүүчү майдын литри 39-40 сом турат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында баалар 3-4 сомго кымбат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG