Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:30

Чолпон-Атада ИИМ кызматкерлеринин спартакиадасы башталды


Бүгүн Чолпон-Ата шаарында генерал Эргеш Алиевдин 110 жылдыгына карата милиция кызматкерлеринин үч күндүк спартакиадасы башталды. Анын алкагында жети облустан, милициянын башкармалыктары жана ИИМ академиясынан келген 12 команда спорттун 3 түрү боюнча күч сынашмакчы.

Мелдештин биринчи күнү таш көтөрүү, эртең аркан тартыш, ал эми 3-күнү кол күрөш оюну менен иш-чара жыйынтыкталат.

Милиция кызматкерлеринин спартакиадасы 5 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал күч кызматкерлеринин физикалык деңгээлине баа берүү менен бирге аларды ыкчам болууга, спорт менен тынымсыз машыгууга үндөө максатын көздөйт. (AsA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG