Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Керри: Санкциялар жеңилдитилгенин ирандыктар 6 айга жетпей сезиши мүмкүн


АКШ Мамкатчысы Жон Керри. Вашингтон, 16-июль 2015.
АКШ Мамкатчысы Жон Керри. Вашингтон, 16-июль 2015.

Батыш Иранга каршы санкциянын жеңилдетилгени алты айдын арасында сезилиши мүмкүн. Бул жөнүндө АКШ мамкатчысы Жон Керри 20-июлда “Америка авазы” радиосуна берген интервьюда айтты. “Санкция жеңилдетилгенден мурда Иран да, МАГАТЭ да тийиштүү иштерди бүткөрүп, ал маселелер чечилиши абзел”, - деди Кэрри. Ал береги иштер жасалмайынча, чоң өзгөрүүлөр сезилбей турганын кошумчалады.

АКШ Конгресси Иран менен түзүлгөн ядролук келишимди 60 күн ичинде карап чыгыш керек. Эгер Конгресс келишимди жактырбаса, президент Обама вето укугун пайдаланарын эскерткен.

22-июлда Конгресстин эки палатасына мамкатчы, энергетика министри, финансы министри жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилери ядролук келишим боюнча маалымат беришет.

XS
SM
MD
LG