Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Таласта Жерүйдү иштетүүгө каршы митинг өттү


Бүгүн Талас облусунун Бекмолдо айылында жергиликтүү тургундардын жана облустун башка аймактарынан келгендердин катышуусунда Жерүй кенин иштетүүгө каршы жыйын болду. Уюштуруучулар ага 1,5-2 миң, байкоочулар 500 киши катышканын айтууда.

Демилгечилердин бири Төрөхан Жунусбековдун “Азаттыкка” айтымында, тургундар Жерүйдү иштетпөөнү, мөңгүлөрдү бузбоону, экологияны сактоону талап кылышты. Талаптар аткарылбаса, август айында кайрадан жыйынга чогулуп, Ак үй алдына боз үй тигишерин эскертишүүдө.

Ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн ачылыш аземинде Жерүй иштетилиши керектигин белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG