Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Нарымбаев: бийликти жаманатты кылуу аракети болууда


Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев билдирүү таратып, өзүнө байланыштуу соңку окуяларды "мыкты даярдалган маалыматтык акция" деп атады. Нарымбаев бул иштин баары бийликти жаманатты кылуу максатында жасалып жатканын, мунун артында ар кандай күчтөр турарын да белгиледи.

Өткөн аптада парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалганын УКМК маалымдаган. Айрым маалымат каражаттары бул ишке Нарымбаевдин дагы тиешеси бар экенин жазып чыгышкан болчу. Дооматтарды четке каккан Нарымбаев өз арызынын негизинде 20-июлда президенттин буйругу менен кызматтан алынган.

Буга чейин милиция жабык жайларда Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, аткаминерлерден акча тоногон шылуундарды кармаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG