Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Суруч шаарындагы тынч жарандар каза болгон терактка байланыштуу көңүл айтты. “Бул укмуштуудай трагедияга Кыргызстан элинин үрөйү учуп, боордош Түркия эли менен бирге кайгырууда”, - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Президент көңүл айтуусунда каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетүүсүнө тилектештигин билдирген.
20-июлда Суруч шаарында террорчу жанкечти бомба жардырып, 32 киши өлүп, жүздөн ашууну жаракат алган. (ZKo)