Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:45

Түрк өкмөтү Сирия менен чек араны бекемдөө маселесин талкуулайт


Суручта бомба жардырган жанкечтинин дайыны аныкталды. Бул жөнүндө шейшемби күнү премьер-министр Ахмет Давудоглу билдирди.

Давудоглу 20-июлда Сирияга чек аралаш Суруч шаарында бомба жардырган жанчкечтинин “Ислам мамлекети” радикалдуу уюму менен байланышта болушу ыктымал экенин айтты. Күрт жаштарынын активисттери Сириянын Кобани шаарын кайра куруу планы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатканда болгон бомба чабуулу 32 адамдын өмүрүн алып, 100дөн ашык адамды жарадар кылган.

Түркиянын күрт азчылыктары аларды коргоо үчүн же “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүдө жетерлик аракеттенбейт дешип өкмөткө нааразылык айтышууда.

Түркия өкмөтү 22-июлдагы кеңешмеде Сирия менен чек араны бекемдөө маселесин карайт.

XS
SM
MD
LG