Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Украинада “оңчулдар” референдумду талап кылышты


Дмитрий Ярош "оңчулдардын" жыйынында. Киев. 21-июль, 2015-жыл.
Дмитрий Ярош "оңчулдардын" жыйынында. Киев. 21-июль, 2015-жыл.

“Правый сектор” деп аталган партия референдумда бийликке ишеним көрсөтпөөнү жана “антитеррордук операцияны” согуш деп айтуу талабын коймокчу. Ошондой эле "оңчулдар" Киевге баш ийбеген аймактарды блокадага алууну жана өзүнө таандык “ыктыярчылар батальондорун” мыйзамдаштырууну талап кылышууда. Бул тууралуу партиянын лидери Дмитрий Ярош 21-июлда кечинде Киевде "оңчулдардын" жыйынында билдирди.

Яроштун айтымында, 22-июлдан тарта бардык облустук жана райондук борборлордо референдум боюнча ыкчам штабдар түзүлөт. Ошондой эле “Правый сектор” аскерий-саясий кыймылы мындан ары Улуттук боштондук кыймылы деп өзгөртүлөт.

"Интерфакс-Украина" агенттиги кабарлагандай, 21-июлда Киевде "оңчулдар" тарабынан уюштурулган жыйынга бир нече миң киши катышып, эки саатка жакын убакытка созулду.

“Правый сектор” кыймылы Орусияда экстремисттик маанайдагы кыймылдардын катарына киргизилип, өлкө аймагында ишмердүүлүк кылуусуна тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG