Быйыл өкмөт Нарын облусуна 80 миллион сомдон ашык грант берсе, анын 1 жарым миллион сомго чукулун алты айыл өкмөт башчы максатсыз пайдаланганын облустук прокуратура аныктаган. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук прокуратуранын коррупцияга каршы бөлүмүнүн башчысы Мурат Токон билдирди. Анын айтымында, Ак-Талаада үч, Ат-Башыда эки, Кочкордо бир айыл өкмөт башчысына коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө сотко 5 кылмыш иши жетип, айыптары угузулду.
Дем берүүчү, үлүштүк гранттар өкмөт тарабынан айыл жергесиндеги муниципалдык объекттерди оңдоп-түзөө үчүн берилет. Берилген гранттарды максаттуу пайдалануу үчүн Финансы министрлиги быйыл атайын демилгечи топторду ар бир айылга түзгөнү тууралуу кечээ Нарында өткөн айыл өкмөт башчыларынын жыйынында айтылды. (MiK)