Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Нарымбаевдин камакка алынышын талап кылган митинг өтөт


Митингдин уюштуруучуларынын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мөөнөтсүз митинг 23-июлда Башкы прокуратуранын алдында башталат. Митингди уюштуруучу “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспековдун “Азаттыкка” айтканына караганда, нааразылык чарасы Данияр Нарымбаев камакка алынганга чейин уланат.

- Эгер бийлик митингдин талаптарын укпаса, анда нааразылык акциябызды ачкачылык жарыялоо менен коштойбуз. Нарымбаев жок дегенде тергөө иштери бүткөнгө чейинки аралыкта камалууга тийиш. Эгерде ал камалбаса, Нарымбаевдин коррупциялык иштеринин артында президент Атамбаев өзү турат деп эсептейбиз.

Мөөнөтсүз нааразылык митингинде башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсү да талап кылынат. Активисттер буга коррупцияга шектелип кызматын тапшырган Президенттик аппараттын мурдагы башчысына карата күч кызматтары тарабынан эч кандай чара колдонулбаганы себеп болгонун айтышты.

Өткөн аптада парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалганын УКМК маалымдаган. Түлеевдин кызы маалымат каражаттарына бул ишке Нарымбаевдин дагы тиешеси бар экенин билдирген. Дооматтарды четке каккан Нарымбаев өз арызынын негизинде 20-июлда президенттин буйругу менен кызматтан алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG