Бүгүн жаңы салынган Бишкек-Балыкчы жолунун ачылышы болот. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышат. Бул Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо долбоорунун бир бөлүгү.
Кыргызстан менен Кытайды туташтырган бул стратегиялык жолду кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы салды. Ал келечекте өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырчу альтернативдик жолго туташат.
Жол курууга кеткен акчанын жарымын Кытайдын “Эксим банкы” жеңилдетилген насыя катары 38 млн. доллар берген. Ал каражаттын 90 пайызы бөлүнгөн. Жаңы салынган Бишкек-Балыкчы жолунун узундугу 30 чакырымга жакын. Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун узундугу 540 чакырымдай. Ага жалпысынан 400 миллиондой доллар жумшалмакчы.(КЕ/SDz)