Орусиянын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик Думанын депутаты Денис Вороненковдон жана шылуунчулукка айтыпталган эки кишиден табылган Glock-19 тапанчасынын чоо-жайын иликтөөдө. Бул тууралуу Орусиянын “Коммерсант” басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 50 ок-дары менен тапанчаны 2011-жылы Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен сыйлык катары алганы документте белгиленген. “Орусиянын Тергөө комитети аты аталган адамдар ИИМдин материалдык-техникалык базасына кандай салым кошконуна жана кайсы эмгеги үчүн сыйланганына кызыгууда”, - деп жазат “Коммерсант”. Тапанча сыйлыкка алынган деп жазылганы менен, тергөө анын Австриядан сатылып алынып, Кыргызстан аркылуу эмес, түз эле Орусияга келгенин аныктаган.
Буга чейин мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан чет элдиктерге сыйлыкка берген куралдар кылмыштуу топтордон табылып жатканы айткан. Ал мамлекеттин атынан курал белекке берүүнү токтотууну сунуштаган. Кыргызстанда мыйзам боюнча башка өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине “сиңирген эмгеги үчүн” сыйлыкка курал берүүгө мыйзам жол берет. Бул тапанчаларды миң доллардын тегерегиндеги акчага сатып алса болору айтылып келет. (КЕ)