Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:17

Экс-депутат Максат Кунакунов эки айга камалды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Максат Кунакуновду тергөө иштери аягына чыкканга чейин эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу күч органдарынан кабарлашты.

“Ак-жол” партиясынан депутат болгон Максат Кунакунов атайын операцияда өлтүрүлгөн куралдуу топ менен байланышы бар, аларга акчалай жана курал-жарактан жардам берип турган деген шек менен 20-июлдун таңында “Манас” аэропортунан кармалган.

16-июль күнү Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөн. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, кылмышка шектүү төрт адам өлтүрүлгөн, жетөө колго түшүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG