Ооган бийликтери өлкө түндүгүндөгү Фарьяб дубанынын Алмар районундагы эл көп келчү базардагы жардыруудан кеминде 15 адам ажал тапканын кабарлады. Дубан башчысы Абдул Саттар Барездин айтышынча, 22-июлда жанкечти жасаган бул жардырууда каза тапкандардын арасында балдар, аялдар жана кеминде бир ооган аскери бар. Дагы кырк чакты адам жаракат алган.
Аймактын полиция башчысынын орун басары Бариалия Башариар жанкечти жардырууну аскерлерге багыттаганы менен андан негизинен жайкын тургундар жайрап калганын билдирди. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч кайсы террордук топ өзүнө ала элек.
Ооганстанда АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылган 2014-жылдан бери талибдер жана башка исламчыл экстремисттик топтор чабуулдарын күчөттү.