Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Банкка кол салган кылмышкер табыла элек


“ЭкоИсламикБанктын” Бишкектеги филиалына кол салган киши табыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, кылмышкерди табуу үчүн тажрыйбалуу ыкчам топ түзүлдү. Учурда окуя болгон жердеги видеокамералар алынып, иликтөө иштери уланууда.

20-июлда “ЭкоИсламикБанктын” Ауэзов көчөсүндө жайгашкан филиалына белгисиз жаран кол салып, алган жараатынан күзөт кызматынын өкүлү каза тапкан. Милициянын айтымында, анын башына ок тийген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG