Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Астананын калкы миллионго жакындады


Астанадагы Байтерек комплекси
Астанадагы Байтерек комплекси

"Азаттыктын" казак кызматы шаар бийлигине таянып кабарлашынча, быйылкы июнь айына чейинки эсеп боюнча, калаа калкынын саны 860 миңден ашты. Быйыл жыл башынан бери болсо шаар тургундарынын саны 9 миң адамга көбөйгөн. Бул былтыркы ушул убакытка салыштырганда 5,6 процентке көп.

Казакстандын борбору Астана - Борбор Азиядагы эң жаш жана жаңы шаарлардын бири. Совет доорундагы Целиноград, кийинки Акмоло шаарына 1997-жылы Астана деген ат берилип, Казакстандын ордо калаасына айланган. Натыйжада мурдагы облус борбору Целинограддын жанында жаңы стилдеги заманбап шаар пайда болду. Астана азыр Казакстанда калкынын саны боюнча өлкөнүн мурдагы борбору Алматы жана Чымкент шаарынан кийинки үчүнчү орунга чыкты.

XS
SM
MD
LG