Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Данияр Нарымбаев камакка алынды


Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды жана депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлады. Маалыматка ылайык, Нарымбаев ушул эле күнү Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Башкы прокуратура Нарымбаев Коркмазов аркылуу Түлеевдин жакындарынан 7-майда 50 миң доллар алганы аныкталганын билдирүүдө.

Өткөн аптада парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалганын УКМК маалымдаган. Айрым маалымат каражаттары бул ишке Нарымбаевдин дагы тиешеси бар экенин жазып чыгышкан болчу. Дооматтарды четке каккан Нарымбаев өз арызынын негизинде 20-июлда президенттин буйругу менен кызматтан алынган.

Нарымбаев өзү бул ишке тиешеси жок экенин айтып, бул бийликти жаманатты кылуу аракети деп билдирүү тараткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG