Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Түркиянын Сирияга чектеш аймагында эки полициячы өлтүрүлдү


Түркия - Суруч шаарындагы жардыруудан кийин, 20-июль, 2015.
Түркия - Суруч шаарындагы жардыруудан кийин, 20-июль, 2015.

Түркия бийликтери өлкөнүн түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймактагы кол салуудан полициянын эки кызматкери каза тапканын кабарлады. Түрк телекөрсөтүүсү окуя болгон Шанлыурфа аймагынын башчысына таянып билдиргенине караганда, бул кол салууга террорчулардын тиешеси бар-жогу тууралуу азырынча маалымат жок.

Кол салуу аталган аймактагы Суруч шаарында жанкечти жардыруусунан эки күндөн кийин болуп отурат. Ал чабуул 32 адамдын өмүрүн алган эле.

Түрк премьер-министри Ахмет Давудоглу бул жардырууга чек аранын Сирия тарабында күрт кошуундары менен күрөшүп жаткан "Ислам мамлекети" радикал тобунун тиешеси болушу ыктымалдыгы жогору экенин айткан. Ошондой эле ал өкмөттүн жакынкы жыйынында Түркия менен Сирия чек арасындагы коопсуздук чараларын күчөтүү маселеси караларын билдирди.

XS
SM
MD
LG