Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

АКШнын Макартур фонду Орусиядагы ишин токтотот


Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Макартур фонду" бейөкмөт уюму Орусиядагы 20 жылдан ашык ишмердигин токтотконун жарыялады. Ага бул өлкөдөгү чет элдик уюмдар боюнча жаңы мыйзам себеп болгон. Аталган уюмдун билдирүүсүндө "жаңы эрежелер Орусияда жигердүү иш жүргүзүүнү кыйындатканын, ага таянган өкмөт уюмдун мындан ары иштөөсүн каалабай жатканы айкын болгону" айтылат.

Бул уюм 1992-жылдан бери Орусияда билим берүү жана адам укуктары багытында иш жүргүзгөн уюмдарга жалпысынан 170 миллион долардан ашык грант берген.

Ушул айдын башында Орус парламентинин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши өлкө бийликтерине 12 чет элдик уюмдун ишмердигин тыкыр текшерүү өтүнүчү менен кайрылган. Алардын арасында "Макартур фонду" да болгон.

XS
SM
MD
LG