Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Бүгүн Рашод Камаловдун иши сотто каралат


Рашод Камалов
Рашод Камалов

Бүгүн Кара-Суу райондук соту "Ас-Сарахси" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловдун ишин карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Камаловдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахси” мечитинде имам болуп жүргөн 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ал "экстремизмге чакырган", "халифат курууга аракет кылган" жана "Сирияга адамдарды жөнөткөн" деген шек менен иликтөө иштери башталган.

Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес. Камаловдун ишин сотто кароо буга чейин эки ирет жылдырылып, анын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. (YI)

XS
SM
MD
LG