Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаева билдирди.
Жыл башынан бери облус аймагында 37 бала асыроого берилсе, булардын көпчүлүгү Аксы, Базар-Коргон жана Токтогул райондоруна туура келет.
Багууга берилген балдардын көбүн туугандары жана жакындары өзүнө каттаткан. Ал эми баласынан баш тартып, таштап кеткендер 20% түзөт. Былтыр жарым жылда облуста 87 бала багууга берилген болчу. (RsK)