Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Кыргызстан быйыл 1 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттойт


Бул тууралуу бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коллегиялык жыйынында айтылды. Министрдин орун басары Айбек Калиевдин билдиришинче, Тажикстандан июнь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта 150 млн. кВт саат электр энергиясы алынат. Ал эми калган бөлүгү декабрь айына чейин Казакстандан импорттолот.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан келерки кышта да кошуналардан электр энергиясын сатып алууга мажбур болорун айткан. Электрдин жетишсиздиги 2,15 млрд. кВт саат болот деп болжолдонууда. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG