Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Кыргызстандын Жапония менен Кореядагы элчилери кызматтан бошотулду


Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Жапониядагы элчи Рысбек Молдогазиев жана Түштүк Корея менен Вьетнамдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Беларустагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын КМШнын расмий органдарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дагы милдетин аткарат.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылы 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн курамында өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарган. Элчилик кызматка 2011-жылы дайындалган. Рысбек Молдогазиев 2012-жылы Жапонияга элчилик кызматка кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG