Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Алматыдагы селден 900дөй адам эвакуацияланды


Алматы, 23-июль, 2015-жыл
Алматы, 23-июль, 2015-жыл

Алматы шаарындагы Каргалы дарыясынын жээгинде жашагандар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу Астанадагы маалымат жыйынында Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитет жетекчиси Серик Аубакиров билдирди.

Тазалоо жана кырсыктан кийинки калыбына келтирүү иштерине 1200дөй кызматкер, 160 транспорт жана үч тик учак тартылган. Сел каптаган райондогу чыгымдар эсептелүүдө.

Алматы шаарынын Наурызбай районунда 23-июлга караган түнү катуу сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу каптаган. Шаар жакасындагы чакан көл жырылып кеткендиктен, Каргалы дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG