Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

ИИМ сыйлыкка тапанча берилди делген маалыматты тактоодо


Ички иштер министрлиги Мамлекеттик думанын депутаты Денис Вороненков, ишкер Виталий Качура жана ФСБнын мурдагы полковниги Андрей Мурзиковго Кыргызстандын премьер-министринин буйругу менен сыйлыкка тапанча берилди деген маалыматты тактоодо. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” айтты. “Бул ачыкка чыкпай турган кагаздар экен. Тапанча сыйлыкка берилсин деген токтом бар экен деп айтылып жатат. Бирок ал барбы, жокпу, аты аталган адамдарга берилгенби, ал белгисиз болууда”, - дейт Сеитов. ИИМге бул маалыматты тактоо боюнча Орусиядан кат келе элек.

Орусиянын Башкы прокуратурасы депутат Денис Вороненков менен шылуунчулукка айтыпталган эки кишиден табылган Glock-19 тапанчасынын чоо-жайын териштирип жатканын “Коммерсант” басылмасы жазып чыккан. Маалыматка ылайык, тапанчаны 50 огу менен 2011-жылы Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен сыйлык катары алганы документте белгиленген.

Буга чейин мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан чет элдиктерге сыйлыкка берген куралдар кылмыштуу топтордон табылып жатат деген маселени көтөргөн болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG