Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

ФБР: «Ислам мамлекети» «Ал-Каидадан» да коркунучтуу


«Ислам мамлекети» радикалдык кыймылы «Ал-Каида» уюмуна караганда көбүрөөк террористтик коркунучту жаратып жатканын АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу - ФБР бейшембиде айтып чыкты.

Өткөн аптада эле АКШнын аба соккулары «Ал-Каида» согушкерлерлеринин лидери Мухсин ал-Фадлини жок кылган. Ушул сыкятуу соккулардан улам «Ал-Каида» жана аны менен байланышы бар сириялык «Хорасан» экстремисттик кыймылынын күчтөрү алсызданганын ФБРдин директору Жеймс Комин билдирди.

"Бирок «Ислам мамлекети» кыймылынын террористтик аракети эффективдүүлүгүн арттырып баратат. Алар социалдык тармактар аркылуу эле мусулмандарды Жакынкы Чыгышта согушууга үндөөсүн күчөттү. Сирияга келе албагандарды өз жеринде эле адам өлтүрүүгө үндөп атышат», - деп белгиледи Коми. Анын айтымында «Ислам мамлекети» уюмунун баракчасына Твиттерде эле 21 миң адам жазылган.

Коми кабарлагандай, ФБР соңку мезгилде чабуул жасоого даярданып жаткан бир топ адамдарды колго түшүргөн, дагы жүздөгөн шектүүлөр эркиндикте жүрөт.

Экстремисттик «Ислам мамлекти» кыймылы өткөн жылдан бери Сирия менен Иракта бир далай жерин ээлеп алган. АКШ баштаган аскердик-аба күчтөрү радикалдык топтун согушкерлерине каршы туруу аракетин көрүп келатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG