Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

“Ош-Тазалыктын” кызматкерлери 400 миң сомду кымырып алганы аныкталды


“Ош-Тазалык” муниципалдык мекемесинин 6 кызматкери элден топтолгон төрт жүз миңге жакын каражатты кымырып алганын мекеме жетекчиси айтып чыкты. Мекеме жетекчиси Талант Капаровдун айтымында, каражаттардын кем экени ички текшерүүдө аныкталган.

Учурда ал фактылар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, акча кымырууга тиешеси бар делген кызматкерлерге кылмыш иши козголгон. “Ош тазалык” муниципалдык ишканасынын 200 миңден ашык абоненти бар. Айлык бюджети 7 миллион сомдон ашат. Элдин төлөмүн чогултуучу 60 кызматкери бар. (YI)

XS
SM
MD
LG