Sky Mobile (Beeline) байланыш операторунун башкы директору Олег Клочко мындан беш ай мурдагы жол эрежесин бузганы үчүн жоопко тартылат. Буга байланыштуу бүгүн ал суракка чакырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал Административдик жоопкерчилик боюнча кодекстин 281-беренеси менен жоопко тартылат.
Sky Mobile байланыш операторунун басма сөз кызматы бул маалымат боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда. (ZKo)