Бишкекте өтө турган талкууну Борбор Азиядагы эл аралык дебат ассоциациясы “Ачык талкуу” долбоорунун алкагында уюштурууда. Тегерек үстөлдө саясатчылар, саясат талдоочулар өкмөт башчы Темир Сариевдин 22 жылдан бери уланып келаткан кыргыз-америка кызматташуусу тууралуу келишимди жокко чыгаруу чечимин, анын күңгөй-тескейин талкуулашат.
21-июлда премьер-министр Темир Сариев 1993-жылы 19-майда кол коюлган Кыргызстан өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн кызматташуудагы жеңилдиктер тууралуу келишимин жокко чыгарган токтомго кол койгон. Токтом 20-августтан тарта күчүнө кирет. (ZKo)