Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:41

Түркия "Ислам мамлекети" тобуна каршы курал колдонду


Түркия Сириянын чек арасына бомбалоочу учактарын, танктарын жана оор артиллериясын жиберип, аларды “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлерине каршы багыттады. Бул 23-июль күнү чек арадагы көзөмөл бекетинде түрк аскери өлтүрүлгөндөн кийин жасалды. Маалыматтарга караганда, ал күнү чек арадагы көзөмөл бекетине “Ислам мамлекети” радикал тобунун карамаганда турган Сирия тараптан кол салуу болуп, бир аскер өлгөн.

Бул аралыкта Ак үйдөн АКШ президенти Барак Обама Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон байланышып, Ирактагы жана Сириядагы согушкерлерге каршы чогуу күрөшүүнү сүйлөшкөнү кабарланды. Бирок анда эки лидер Түркиянын түштүк-чыгышындагы Инжирлик аскерий аба базасын колдонуу тууралуу сүйлөшкөнү жөнүндө маалымат берилген жок.

XS
SM
MD
LG