Кыргыз-кытай жармаңкеси өтүүдө
Үч күндөн бери Ош Улуттук драма театрынын имаратында Кытай товарларынын жармаңкеси өтүүдө. Анда Кытайдын 52 компаниясынын ар кандай товарлары сунушталган. Анда айыл чарба продукцияларынан тарта техникаларга чейинки товарлар бар. Адистердин айтымында, кытай өндүрүшчүлөрүнүн жармаңкеси кыргыз-кытай ишкерлеринин байланышын жакшыртып, инвестициялардын келүүсүнө жол ачат. Мындай иш-чара Ошто бешинчи ирет өткөрүлүүдө.