Түркиянын аскерий учактары Сирия менен чек араны бузбай туруп эле "Ислам мамлекети" радикал тобуна тиешелүү делген төрт объектке сокку урду. Түрк бийликтеринин билдиришинче, аба соккусу Түркиянын Килиш аймагына жакын Хават конушунда жайгашкан ИМдин жергиликтүү штабын да камтыган. Бул арада түрк медиасы өлкөнүн террорго каршы бөлүгүнүн беш миңдей кызматкери тартылган Стамбул менен башка шаарлардагы тик учак коштогон операциялар учурунда "Ислам мамлекети" радикал уюмуна жана күрт согушчул тобунун мүчөлүгүнө шектелген жүздөн ашуун адам кармалганын жазып чыкты. Полиция болсо жалпы улуттук рейд учурунда 251 адам кармалганын билдирди.
Мунун алдында, 23-июлда Анкара менен Вашингтон Инчирликтеги авиабазаны ИМдин Сириядагы согушкерлерине каршы колдонууну макулдашкан. Тараптар буга Түркия-Сирия чек арасындагы жаңжалдан кийин барды. Ушул жумада чек арага жакын Суруч шаарындагы жанкечти чабуулу 32 адамдын өмүрүн алган. Бул жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алган эле.
Ушул окуядан кийин Түркия бийлиги аталган топко каршы күрөштү күчөтүүгө убада кылган. Түрк бийликтеринин маалыматына караганда, андан бери эле ИМ тобуна тиешеси бардыгы шектелген беш жүздөн ашуун адам кармалды.