Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

“Вечерний Бишкек” президент Атамбаевге кайрылды


“Вечерний Бишкек” президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, басылманын иши соттун бардык инстанцияларында одоно мыйзам бузуу менен каралып, ошого жараша чечим чыгарылганын белгилеген. Аталган басылма Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин тушунда башталган сот иштери азыр да уланып жатканын белгилеп, "ишти кайра каратуу, сот системасына олуттуу реформа жасоо боюнча мамлекет башчынын ниети барбы?" деген суроо узаткан.

Данияр Нарымбаев 22-июлда Кылмыш кодексинин "коррупция", "пара алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген беренелер боюнча кармалып, эки айга абакка камалды. Ал мурдагы депутат Нариман Түлеевдин камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берүү үчүн анын кызынан пара алган деп шектелүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG