Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Ооган өкмөтү "Талибан" менен сүйлөшүүнү улантат


Ооганстан -- Кабулдагы жардыруудан кийин, 22-июнь, 2015
Ооганстан -- Кабулдагы жардыруудан кийин, 22-июнь, 2015

Өкмөт өкүлдөрү менен ооган талибдеринин сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы 30-июлга белгиленди. Ооганстандын Жогорку тынчтык кеңешинин расмий өкүлү Мохаммад Исмаил Касимяр бирок тараптар азыр сүйлөшүүгө кимдер катышарын жана ал кайсы жерде өтөрүн чечише электигин 24-июлда билдирди. Мурда белгиленгендей эле жолугушуу Кытайда өтөрү болжолдонууда. Касимяр сүйлөшүүдө расмий Кабул талибдерди атышуу аракеттерин токтотууга чакырарын кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы 7-июлда Пакистанда, Исламабаддын чет жакасында өтүп, ал алдыга жасалган маанилүү кадам катары бааланган. 15-июлда болсо Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын лидери Молдо Омар биринчи жолу өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү колдогон билдирүү тараткан.

"Талибан" кыймылы 2014-жылы чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгарылгандан бери кол салууларды күчөткөн.

XS
SM
MD
LG