Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Бозумчак кенине кеткен жол ачылды


Бүгүн жол тоскондор менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жолугушуп, 2 саат сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң эл жолду ачууга макул болду.

28-июлда кенди иштеткен компания коомдук угуу өткөрүп, анда элдин талаптары жана компания аткарган иштер талкууланат.

Мындан тышкары жергиликтүү тургундардан турган атайын комиссия да түзүлөт. Бозумчакка кеткен жол кечээтен бери жабык турган болчу.

Жол тоскондор Бозумчак кенин иштеткен “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясы элдин талабын аткарбай жатканын айтып, 70% жергиликтүүлөрдү жумушка алууну, жолго асфальт төшөөнү, экологиялык эрежелерди сактоону талап кылышкан.

“Казакмыс Голд Кыргызстан” Ала-Бука районундагы Бозумчак кенин иштетүү максатында 2007-жылы андагы 260,4 гектар жерди өкмөттөн 19 жылга келишимдин негизинде алган. Учурда кен байлыктарын кайра иштетүүчү комбинатта 630 адам иштейт.(RsK\AzK)

XS
SM
MD
LG