Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Турдубаев: Былтыркыга караганда 3 эсе көп көмүр бар

Бүгүнкү күндө өлкөдө 111 миң тонна даяр көмүр бар. Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Министр көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 3 эсе көп экенин кошумчалады. Ал эми Бишкек жана Ош жылуулук борборуна 22 миң тонна мазут керек болсо, учурда кампаларда 17 миң тоннасы даяр экени маалымдалды. Калган 5 миң тонна мазут боюнча "Кыргызнефтегаз" ишканасы менен келишим түзүлүп, бир айдын ичинде маселе чечилет деди Турдубаев.

Бишкек Жылуулук борбору сезондо 1,5 млн. тонна көмүр жакса, учурда 88 миң тонна көмүр бар экени айтылды. (SDz)

XS
SM
MD
LG