Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Таш-Көмүрдө төрөткана жетекчиси пара менен кармалды

Шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси Аксы районунун Ак-суу айылынын тургунуна төрөт учурунда операция жасап, андан соң 5700 сом талап кылган. Кечээ дарыгер иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облустук ИИБ кызматкерлери тарабынан кармалганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 225-беренесине (Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз сыйлык алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG