Түрк аскер авиациясы жума күнү кечинде Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун жана Ирактын түндүгүндөгү Күрд жумушчу партиясынын позицияларына чабуул жасады. Түркиянын өкмөтүнөн кабарлашкандай, абадан сокку Күрд жумушчу партиясынын жети лагерине жана партиянын аскер жетекчилиги отурукташкан Кандиль районуна урулду. Түркиянын премьер-министри Ахмет Даутоглу Түркия мындай чабуулдарды улантарын билдирди.
Британиядагы укук коргоочулардын маалыматында бул операциянын жүрүшүндө “Ислам мамлекетинин” 9 жоочусу мерт болуп, 12си жараат алган.
Аталган операциянын алкагында түрк полициясы өлкөнүн 16 провинциясында рейд жүргүзүп, террордук топторго байланышы бар деген шек менен 300гө чукул кишини кармады.
Түркия бул кадамы менен 23-июлдагы Сирия менен чектешкен жердеги түрк блокпостторуна жасалган кол салууга жооп берди. Анда аскер кызматкерлери мерт болгон эле. (AzK)