Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында эл топтолуп турат


Тажикстандын Чорку айылы менен Баткен районунун Көк-Таш айылы чектешкен аймакта эки тараптан тең 100дөй киши топтолуп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова билдирди.

Айыл башчынын айтымында, кыргыз тараптан топтолгондор мурдараак Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болушуп, тажик айылына барчу сууну бууп салган.

Суусу токтоп калган Тажикстандын Чорку айылынын тургундары Кыргызстандын аймагына суу куурларын жаткыра баштаганда эл нааразы болуп чогулган. Учурда Көк-Таш айылында Баткен районунун акимчилигинен, чек ара жана милиция кызматынан өкүлдөр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын Разия Өсөрова кошумчалады. (JsA)

XS
SM
MD
LG