Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Баткенде чек арада чогулган эл тарады


Тажикстандын Чорку айылы менен Баткен районунун Көк-Таш айылы чектешкен аймакта Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими жолугуп, ал жердеги чогулган элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Алар чек ара маселеси мамлекеттик деңгээлде караларын жана бүгүнкү талаш дагы келээрки айда чек араны аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна коюларын билдиришкен. Мындан кийин чогулган эл тарап кетти.

Бүгүн кечке жуук Тажикстандын Чорку айылы менен Баткен районунун Көк-Таш айылы чектешкен аймакта эки тараптан тең 100дөй киши топтолгон. Кыргыз тараптан топтолгондор мурдараак Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болушуп, тажик айылына барчу сууну бууп салган. Суусу токтоп калган Тажикстандын Чорку айылынын тургундары Кыргызстандын аймагына суу куурларын жаткыра баштаганда эл нааразы болуп чогулган. (JsA\AzK)

XS
SM
MD
LG