Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Ысык-Көл: биометрикалык маалымат топтоого бир апта берилди


Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев эгер 1-августка чейин дубанда биометpикалык маалыматтар топтолуп бүтпөсө, тиешелүү жетекчилер кызматтан алынарын 25-июлда Каракол шаарында өткөн жыйында билдирди. Ал облус боюнча бул жараян жай жүрүп жатканын айтып, айрыкча Каракол шаары активдүү эместигин сынга алды.

Облус борборунда азыркы учурга чейин 35 миңге жакын адам биометрикалык маалыматын тапшырышкан. Ал эми Каракол шаарында жалпы 70 миңден ашык калк жашайт.(Asa)

XS
SM
MD
LG