Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Крымга барган француз депутаттары Киевдин каарына калды


Крымда болгон француз депутаттарын Украинанын бийлиги "персона нон-грата" деп жарыялап, алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салат.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин өз сөзүндө толеранттуулук маанилүү нерсе жана европалык баалуулук экендигин белгилеп, бирок Украинанын мыйзамдарын бузгандар өлкөдө турбашы керектигин билдирди.

Буга чейин француз парламентинин 10 депутаты Киев менен макулдашпай туруп, 23-24-июлда Крымга барып, муну менен Украинанын мыйзамдарын бузгандыгы кабарланган.

Депутаттар Орусия аннекcиялап алган жарым аралдын жетекчилиги менен жолугуп, Севастополдогу Крым согушундагы аскерлердин мүрзөсүндө болушкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG