25-июль күнү Найробиде АКШ президенти Барак Обама Кениянын президенти Ухуру Кеньятто менен жолугушканда терроризмге каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн максаты бир экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап терроризм жана коррупцияга каршы күрөш, адам укуктары жөнүндө сүйлөштү.
Найробиде өткөн ишкерлик боюнча дүйнөлүк саммитте Обама Африкадагы ишкердик ар кандай тоскоолдуктарды бузуп, көпүрө түзүүгө жардам берерин белгиледи. Ошол эле учурда соңку кездери аялдар дагы өздөрүн ишкер чөйрөдө көрсөтө баштаганын кошумчалады.
Обама Найробиде “Ал-Каиданын” террордук чабуулунун курмандыктарынын мемориалында болду. 1998-жылы 7-августта АКШ элчилинде бомба жардырылып, 200 киши, алардын ичинде 17 АКШ жараны набыт болгон. Болжол менен 4000дей киши ар кандай жараттарды алышкан.
Обама Кенияга 24-июлда келген. Кийинчерээк ал кениялык туугандары менен кечки тамакта болгон. АКШ президентинин чоң энеси Сара Обама небересин көрүүгө Найробиге Кисумадан учуп келген.
Обама Кенияга буга чейин 2006-жылы жана Конгресстин сенатору кезинде барып кеткен. (AzK)