Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Кыргызстан быйыл да электр энергиясын сатып алат


Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтымында, кыш мезгилине чейин Токтогул суу сактагычына тиешелүү деңгээлде суу топтоодо кыйынчылык болот. Бул өз кезегинде кышкы жылуулук мезгилине таасирин тийгизбей койбосун белгилеген министр кыштан жакшы чыгуу үчүн коңшулардан электр энергиясын импорттоону улантуу зарылдыгын айтты.

Өткөн жылы кышында Кыргызстан Казакстандан 1,4 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алган. Импорттук электр энергиянын баасы Кыргызстан үчүн 1 кВт сааты 5 сом 60 тыйынга турган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG