Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Зардалыда ФАП курула баштады

Зардалыны дүйнө менен байланыштырган жалгыз жол. Июль, 2015.
Зардалыны дүйнө менен байланыштырган жалгыз жол. Июль, 2015.

 26-июль күнү аймакта биринчи жолу эл аралык уюмдардын жардамы менен айылдык ФАПтын пайдубалы түптөлдү. Айылда буга чейин бир да медициналык мекеме болгон эмес.

Баткен районунун алыскы Зардалы айылына 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын жоочулары бастырып кирип, бир ай бою айылды барымтада кармап турушкан. Учурда Зардалы айылы кыргыз чек арачыларынын атайын бөлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Айылда туруктуу 30дай үй-бүлө жашайт. Ал эми жай айларында айылга баргандардын саны миӊден ашат. Бирок ушул күнгө чейин айылда электр энергиясы, телефон байланышы жок. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG