Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

Түркияда ИМдин мүчөсү деп шектелген дагы 15 адам кармалды


Солчул согушчандар полицияга Молотов коктейлин ыргытууда. Стамбулдун Гази району. 26-июль 2015
Солчул согушчандар полицияга Молотов коктейлин ыргытууда. Стамбулдун Гази району. 26-июль 2015

Түркияда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелген дагы 15 адам кармалды. Анкарада бүгүн таң азанда өткөрүлгөн рейд учурунда кармалгандардын ичинде бир нече чет элдик бар экенин жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты.

Ошондой эле Түркиянын түштүк-чыгышындагы Адияман шаарында Күрдистан жумушчу партиясы - ПКК менен байланышы бар 19 киши кармалганын өкмөтчүл “Ени Сафак” гезити маалымдады.

CNN Turk телеканалынын билдиришинче, акыркы бир жумада ДАИШтин жана ПККнын мүчөсү деп шектелген 800дөн ашуун адам камакка алынган.

Түркиянын аба күчтөрү 24-июлдан бери ДАИШтин Сириядагы жана ПККнын Ирактагы өңүттөрүн бомбалоодо.

28-июлда Анкаранын өтүнүчү боюнча НАТОнун кезексиз жыйыны өтөт. Анда Түркия ДАИШ менен ПККга каршы өткөрүп жаткан операция талкууланат.

XS
SM
MD
LG